Бекешев Максим Бакиевдин мурдагы жерлерине көп кабаттуу үйлөр салынарын билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин мурдагы жерлери президенттик аппараттын менчигине өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.Эл өкүлү анын өтүнүчүнүн негизинде "Бишкек башкы архитектурадан" келген катты көрсөттү. Катта ал жерлерге шаардык кеңештин чечими менен көп кабаттуу үйлөр курула тургандыгы айтылган. Жерлер Бишкек шаарындагы Скрябин, 45 жана 45/а даректеринде жайгашкан.
"Баары таза абаны талап кылып, ыш менен алышып жатканда Бишкектеги Ататүрк сейил багынын түбүнө көп кабаттуу үй куруу маселеси каралууда", - деп жазды Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















