Майлуу-Суудагы кырдаал: Шаар тургундарынын 68 пайызы жылуулук менен камсыздалды
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш-тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеке менчик унаанын жардамында шаар тургундарына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталды.
Ал эми буга чейин №1, №4 от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3 от казанга альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда. Жалпысынан шаар тургундарынын 68 пайызы жылуулук менен камсыздалды.
Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















