Майлуу-Сууда таза суу бериле баштады
Майлуу-Сууда ичүүчү таза суу бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарына ичүүчү таза суу бүгүн, 25-январдан тарта штаттык негизде бериле баштады.
15 чакырым аралыкта суу түтүкчөлөрү ӨКМнын өздүк курамы жана шаар сууканал ишканасынын кызматкерлеринин жардамы менен эритилди.
Учурда Майлуу-Суу шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режимин жоюу максатында дыкат иш алып барылууда.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
jam77
25.01.2023. 15:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анткени кыш...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















