Баткенде жаңы келген автобустардын үчөө каттамга чыгарылды
Бүгүн, 25-январда Баткен шаарына жаңы келген 3 автобус маршруттук каттамга чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан белгилүү болду.
Калаа бийлигинин маалыматына ылайык, калган 3 автобустун лицензиялары даяр болуп, уруксат берилсе каттамга чыгат.
"Маршруттук каттам Салихов көчөсүнөн Чет-Булак кварталына чейин, андан соң Сайдиман ажы көчөсүнөн мал базарга чейин барат.
Т.Садыков көчөсүнөн Жибек жолу көчөсү аркылуу И.Жусупов көчөсүнө барып, Салихов көчөсүнөн "Биримдик базарына келип токтойт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жол акы чоңдор үчүн 15 сом болсо, балдар үчүн 10 сом деп белгиленди.
Маалымат үчүн: 2022-жылдын ноябрь айында Баткен шаарына калкты тейлөө үчүн 6 автобус алып келинген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















