super.kg logo

Башкы прокурор депутаттардын эмне себептен суракка чакыртылганын ачыктады

 

Бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйынында баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаттарынын суракка чакыртылуусу боюнча түшүндүрмө берди.

Зулушев парламентке чакыруу келсе өзү да барбай койбостугун белгилеп, Жогорку Кеңештин ички иштөө тартибин дагы жакшы билерин кошумчалады.

"Биз депутаттарды сыйлашыбыз керек. Бирок депутаттар кылмыш жөнүндө билдиргенден кийин ал тууралуу маалымат бериши зарыл. Биз ошондуктан эки депутатты чакырып, айткандары тууралуу сурадык. Эч кандай күч колдонуп, мажбурлап алып келүү болгон жок. Жеңиш Токторбаевдин берген маалыматы тастыкталган жок. Ал айткан прокуратура кызматкерин аныктай албадык, өзү дагы атын билбейт экен. Ал эми Шайлообек Атазов эки жарандын арызы боюнча кылмыш иштери милицияда тергелип жаткандыгын айткан экен. Бүгүнкү күндө каражаттары өндүрүлүп берилди окшойт. Дагы бир чет өлкөлүк фирма боюнча да айткан экен, ал иш Жалал-Абад облусунда каралууда. Бул боюнча эч кандай конфликт жок. Мыйзам боюнча бардыгы такталган", - деди ал.

Эске салсак, былтыр 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакыртылган. Бул алардын парламенттин жыйынында аталган тармакта коррупция күчөгөнүн айткандан кийин болгонун депутаттар өздөрү айтып чыгышкан.






31.01.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: