"Жолго чыкпаңыздар". Бишкек-Ош жолу жабылды
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 255-чакырымында саат 19:45те кар көчкү түшкөн. Учурда жол эки тараптуу жабык.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 авто жүктөгүч тартылып, саат 20:10дон баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) автоунаалардын бардык түрүнөн чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















