Жалал-Абад: Көчкү түшкөн аймактарда жолду кардан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда
Жалал-Абаддагы көчкү түшкөн аймактар бир тараптуу ачылып, жолду кардан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Маалыматка ылайык, сутка ичинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда табигый мүнөздөгү 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими сакталып турат, 1 куткаруу жумушу (эшик ачуу) катталды. Чаткал району Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолу бир тараптуу ачылган, чектөө алына элек, жолду кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
Ошондой эле Токтогул районуна караштуу Толук айыл өкмөтүндө көп күндөн бери кар жаап, кардын калыңдыгы айрым жерлерде 1-2 метрге чейин жетип, Торкент-Толук унаа жолу аркылуу каттам токтогон.
Жалпы жолдун узундугу 110 чакырым, анын ичинен 30 чакырымында жол ачык. Ошондой эле 18-февраль күнү таңкы саат болжол менен саат 04:30 чамасында унаа жолдун 68-чакырымында 2 тилкеде (1 тилкеде 10800м3, 2 тилкеде 12600м3) кар көчкүлөрү түшкөн.
19-февраль күнү Торкен-Толук унаа жолу тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00дө бир тараптуу ачылган. Бүгүн унаа жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер жана №23 ЖТИден 1 бульдозер тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















