Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?

Март айында Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкты.
8-март (шаршемби) Эл аралык аялдар күнү катары дем алыш деп белгиленди.
Ал эми Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алабыз:
- 18, 19-март — ишемби жана жекшемби
- 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды
- 21-март — Нооруз (майрам күн)
Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иштейбиз. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган. Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















