super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченконун жеңилүү жөнүндөгү биринчи сөзү

 

Бүгүн, 5-мартта Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргой албай калды. Беттештин соңунда андан чемпиондукта алгачкы жолу жеңилүү кандай болгонун сурашкан.

"Аралаш мушташ өнөрүндө мындай учурлар көп болот. Мушташта жеңесиң, үч раундду тең талашсыз жеңесиң жана бир туура эмес учур баарын тескери бурат. Бул биздин оюндун бир бөлүгү. Алексаны куттуктайм. Мен андан күчтүү экенимди билем. Эгерде бул тепки болбогондо, натыйжа башкача болмок", - деп жооп берди Шевченко.

Ал бул беттештин жыйынтыгы "дивизиондогу кыймылга" алып келет деп болжолдойт.

"Балким, кыздар мен кайтып келип, чемпиондук наамга ээ болмоюнча, мындан да катуу жана шыктануу менен күрөшөт. Мен дароо реванш өткөрүүнү каалайм, анткени бул күрөштө жеңгенимди билем", - деди Шевченко.

Эске салсак, Валентина Шевченко бул жолу ал мексикалык Алекса Гроссо менен Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында күч сынашты. Грассо кыргызстандыкты 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Өткөн жылы Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.






Валентина Шевченконун жеңилүү жөнүндөгү биринчи сөзү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.03.2023. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) :)
06.03.2023. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: