ИИМ Чүй менен Нарындагы бир нече жетекчилерди ротациялады (тизме)
Ички иштер министрлигинин тутумунда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта мекеменин маалымат кызматынан билдирди.
Жаңы дайындалгандар:
- Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды;
- Дамирбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды;
- Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИББнын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалды;
- Талантбек Аттокуров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жайыл РИИБинин начальниги кызматына дайындалды;
- Искен Базаркулов Чүй облусунун Жайыл РИИБинин башчысы кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББ башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү;
- Руслан Кадыров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны алдын алуу, ошондой эле жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү тапшырмалары берилгени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















