"Террористтик топтун мүчөсү болгон". Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды
Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөлүк 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.Маалыматка ылайык, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин Сириядагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК тарабынан М.И.М.нын Кыргызстандын аймагындагы шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















