Ысык-Көлдөн 1100 метр тор жана 700 килограмм таштанды чыгарылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 12-марттан 15-мартка чейн Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен жалпы 1100 метр балык уулоочу тор, 700 килограммдан ашык таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Тазалоо иши жуманын иш күндөрү 8 сааттан жүрүүдө. Ал эми жаан жааган жана катуу шамал учурунда иш убактылуу токтотулуп турат.
Эске салсак, "Ысык-Көлдү коргойлу" аталышындагы масштабдуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде уюштурулду. Көлдүн флора, фаунасына жана тазалыгына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясынын булганган тилкелерин камтып, 1-2 жылга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















