super.kg logo
  Саясат  

Депутат Талиева: "Лейлекте абал тынч эмес!"

 

Лейлекте "Апрель" алтын кенинин иштөөсүнө жергиликтүү эл нааразы болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, жергиликтүү тургундар кечээ күнү бул маселеге көңүл бурууга чакырып президент баш болгон бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу жасаган.

"Лейлек районунда абал тынч эмес. Кечээ, 15-мартта Катыраң айыл аймагынын эли бийликке кайрылуу жасады. Эки-үч жыл мурун да алар жолду жаап митингге чыгышкан, бул бүгүн эле чыккан көйгөй эмес. Ал жерде президенттин жакын досторунун атын ачык эле айтып чыгышкан. Бүгүнкү күнү эл акимге да, губернаторго да ишенбей жатат. Себеби бул "Апрель" алтын кенин казууда жергиликтүү элди коркутуулар болууда. "Каралар" деген термин колдонулуп калды, ошолорду жөнөтүп, элди бөлүп-жарып жатышат.

Ал жердеги жалпы элдин көйгөйү - кенди казууда таза суунун булгануу коркунучу, экологияга зыян тийиши мүмкүн деген кооптонуусу болуп жатат. Оор маселе. Бул маселеге тез арада көңүл бургула! Көйгөй абдан курчуп баратат. Алдын алып чечкиле, иликтегиле! Ал жердеги эл аттуу-баштуу бийлик өкүлдөрүнун атын айтып жатышат, ошолорду иликтегиле! Мен атын атабай эле коёюн", - деди Талиева.

Ошондой эле ал тургундар төрагага дагы кайрылып жатканын кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 16.03.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: