Эрулан Кокуловду түнкү клубга кепкасы үчүн киргизбей коюшту. Депутат милиция чакырды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловду Бишкектеги түнкү клубдардын бирине кепкасын жана курткасын чечүүдөн баш тарткандыгы үчүн киргизбей коюшту. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Эрулан Кокулов аны түнкү клубга кепкасын жана курткасын чечпегендиги үчүн киргизбей койгонун айтып, милиция чакырганын билдирди. Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму туурабы деген суроого Кокулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты.
"Ооба, биринчиден, мен милицияга депутат катары эмес, Кыргызстандын жараны катары кайрылдым", - деди Кокулов.
Эрулан Кокуловду түнкү клубга кепкасы үчүн киргизбей коюшту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.