"Биз акча албайбыз, кете бериңиз". Кичинекей "МАИ кызматкеринин" видеосу
Социалдык тармактарда үч кичинекей бала МАИ кызматкери болуп ойноп, жол эрежесин бузган айдоочуларды токтоткон видео тарады.
Балдардын биринде жол коопсуздугунун формасы, таякчасы жана "күбөлүгү" болгон. Алар видеонун авторун коопсуздук курун тагынбаганына байланыштуу токтотушкан. Алар айдоочунун унаасынын документин жана айдоочулук күбөлүгүн текшеришти.
Айдоочу аларга 50 сом сунганда "Жок, биз акча албайбыз, кете бериңиз" деп жооп берди.
Айдоочу акчаны жумуштан сырткары берип жатканын айтып, кичинекей "МАИ кызматкеринен" алып коюуну суранды. Бирок ал акча албай турганын айтып баш тартты.
"Ой кете бериңизчи" деди кичинекей "МАИ кызматкери".
Кичинекей МАИ кызматкеринин видеосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.