Кыргызстан Орусия менен достук мамилеси боюнча рейтингде экинчи орунга жайгашты
Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр арасында Орусия менен достук мамилеси боюнча рейтингде экинчи орунду ээледи. Бул туурасында Орусиянын Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтунун маалыматында айтылат.Белгилүү болгондой, рейтинг 2022-жылдагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн.
"Мониторинг илимий болуп саналат жана коммуникациялык режимдин концепти институт тарабынан 2020-жылы иштелип чыккан. Изилдөө постсоветтик 14 мамлекетке жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Анда адистер постсоветтик өлкөлөрдөгү мыйзамдарды, коомдук-саясий талкууларды, лидерлер менен расмий өкүлдөрдүн Орусия тууралуу айткандарына баам салышкан.
Кыргызстан 60,6 упай топтоп рейтингдин экинчи сабына жайгашкан. Ал эми биринчи сапта, Беларусь (88,4 упай) турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















