Орто-Токой ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду
Бүгүн, 24-мартта Орто-Токой ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Келишимге «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг кол койду.
Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышты.
Маалыматка ылайык, жалпы кубаттуулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.
Белгилей өтсөк, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















