Министрлик Кара-Сууда окуучулардын ууланышы боюнча билдирүү таратты
Билим берүү жана илим министрлиги Кара-Сууда 43 окуучунун атыр жытына ууланганы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, окуя кечээ, 29-мартта №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинде болуп, 6-класстын окуучулары ууланган. "Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучулар дарыгерлердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген", - деп билдиришти министрликтен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматка ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы. Бүгүн алардын ичинен 14ү ооруканадан чыгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















