Быйыл 1-кварталда 54,5 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 миллиард миллиард 589,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 1,3 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллиард сомго көп жыйналды.
Анын ичинде 40 миллиард 40 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 499 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 3 айына салыштырмалуу 3,7 миллиард сомго көп чогултулду.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 14 миллиард 549,9 миллион сомду түзүп, план 849,3 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,3 миллиард сомго көп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















