Ысык-Көлдө жер титиреди
Кечээ, 5-апрель күнү кечинде Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан кабарлашты.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 21:14тө болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандагы Күнгөй Ала-Тоо кыркаларында, Кароол-Дөбө айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта, Тар-Суу айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта, Кайыңды айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Камыш айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Балыкчы шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Кайыңды, Кароол-Дөбө, Тар-Суу айылдарында 3,5 балл, Балыкчы шаарында, Сары-Камыш, Тору-Айгыр, Көк-Мойнок, Тегирменти, Шабдан айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















