Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Белгиленгендей, 14-апрелден 18-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 72-107-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-177-чакырымдарында (Талдык ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу);
- Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 192-211-чакырымдарында.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















