Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда таш кулады
Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына зоо таштары кулап, жолду жаап калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМдан билдиришти.Алдын ала маалымат боюнча 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган.
Бактыга жараша, жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чоң чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн.
Учурда жерине №26 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылды. Райондук ИИБ тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген.
Кошумча маалымат берилет.
Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна таш кулады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















