Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барат
Өлкө башчы Садыр Жапаров май айында Кытайга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министрлигинен маалымдады.Маалыматка караганда, ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев бүгүн Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолуккан. Анда Жапаровдун Пекинге жасалчу алгачкы мамлекеттик сапарын уюштуруу, ошондой эле "Борбор Азия - Кытай" биринчи саммитине катышуусуна даярдык боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.
Ошондой эле тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланышты жана коопсуздук секторун өнүктүрүү контекстинде кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















