Чек ара кызматында иштеген Гулнара Эрматова операция жасатууга муктаж
3 жылдан бери боор циррозу менен жабыркап келген Гулнара Эрматова операция жасатуу үчүн каражат топтоп жатат. Ал Индиядан жасала турчу операциясынна 50 миң доллар керектелерин SUPER.KG порталына кайрылганда айтты.
Айтымында, азыркы учурда 10 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Эми калган сумма толукталса, Индияга сапар алмакчы.
"3-4 жылдан бери боор циррозу менен жабыркап келем. Быйыл Индиядан дарыгерлер келгенде көрүнгөм. Алар операция кылууну сунушташты. Ал жакка июнда барууну пландап жатам. Операцияга жана дарыланууга жалпы 50 миң доллар керек экен. Азыр 10 миң доллардан ашык каражат топтолуп калды.
Донор дагы издеп жатабыз. Төрт балам бар. Оштогу №2024-аскер бөлүгүнө 1999-жылы ишке киргем. 2012-жылы пенсияга чыккам", - деп билдирди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Оптима Банк 4169585347074477 Э.Г.Д.
Мбанк - 0551255067 Э.Г.Д.
Элсом - 0551255557
Оденьги - 0551255067
Сбербанк - 2202202390283731 Г.О.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















