Ленин округу боюнча шайлоо: 3 талапкер арызын кайтарып алды
Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин ичинен үчөө шайлоого катышуу үчүн берген арыздарын чакыртып алышты. Алар:
- Усубалиева Гульмира Тургунбековна
- Сакиев Нурлан Казыбекович
- Капаров Чынгыз Капарович
Белгилей кетсек, 27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктаган. Ал эми шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 49ду түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы ирет 44 талапкердин тизмесин жарыялаган. 1-майда БШК документтердин толук пакетин 32 талапкер беришкенин (27 – эркек, 5 – аял) маалымдаган.
Эске салсак, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо 28-майда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















