9-майда борбор калаада "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт
Бишкек шаарында 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган "Өлбөс полк-Кыргызстан" акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, акция саат 10:00дө Түштүк дарбазада башталат. Ага шаар тургундары ардагерлердин сүрөттөрү менен катыша алышат.
Жүрүш төмөнкү маршрут боюнча өтөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү - "Жеңиш" аянты.
Аталган акцияны "Өлбөс полк-Кыргызстан" кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте уюштуруп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















