Боомдо чыккан өрт чектөөгө алынды
Балыкчы - Бишкек жолунун жээгинде чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат беришти.Маалымдалгандай, тилсиз жоо саат 00:30да чектөөгө алынган. Жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан.
Бүгүн, 8-майда жерине таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер жана Көк-Мойнок айыл аймагынан 3 кызматкер тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында өрт чыкканы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















