Сузакта 3 адамдын өмүрүн алган кырсык: Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Сузакта 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлайт.Маалыматка ылайык, 2023-жылы 28-апрелде саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында Деу-Нексия жана Мерседес-Бенц унааларынын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Натыйжада Деу-Нексия унаасындагы 3 жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу, Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















