Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө уланууда
Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүн издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине саат 20:50дө ӨКМдан үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, 15-майда саат 08:35те 2009-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Ал эми бүгүн, 16-майда 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөө иштери таңкы саат 06:10до башталып, 16 куткаруучу тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















