Мартта Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүмдү бүгүн кайра издей башташты
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн, 16-май күнү кайрадан башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Билдирүүгө ылайык, дайынсыз болгон мектеп окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
Жерине Базар-Коргон райдук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө жумуштарын алып барышууда.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен.
Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















