Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи баланын сөөгү табылды
Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда саат 14:14тө Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен 2006-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылды. Маркумду издөөгө ӨКМдан 36 куткаруучу тартылып, үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан аталган жарандын сөөгү табылган.
Белгилей кетсек, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн 2 өспүрүмдүн сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. ӨКМнын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары издөө иштерине чыгып, 15-майда саат 08:35те 2009-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















