Өзгөндө окуучулар мушташы: Министрлик билдирүү жасады
Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Өзгөн районундагы окуучулар арасында пикир келишпестик боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон.
"Өзгөн районуна караштуу Ж.Мойдунов атындагы № 11 орто мектебиндеги окуучулар арасындагы пикир келишпестик видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.
Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулду", - деп жазылат маалыматта.
Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. "Сөгүш", мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 "а" класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 "б" класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 "б" класстын класс жетекчиси К. "Эскертүү" жазасын алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
bj1938
22.05.2023. 12:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбияны ата-энеден талап кылбайсынарбы? Эмне кылык эми. Мугалимдин кадырын тушургондон тушуруп. Мектеп деген билим беруу мекемеси го. Тарбияны ата-эне берсин. Тууп, туудуруп койсо эле болдубу. Карасын тарбиясын дагы. Ар бирибиз жооп беришибиз керек. Биздин балдарды деп башкалар жапа чекпеши керек да. Ушундай адилетсиздиктер качан токтойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















