Аксы районунда электр тармактарынын бөлүмдөрү ачылды (фото)
Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук электр тармактар ишканасында Ринжит жана Кызыл-Туу бөлүмдөрү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады..
Маалыматка ылайык, аталган электр тармактарынын бөлүмдөрүнүн курулуш иштери былтыр күзүндө башталган. Тендерди “Жалал-Абад айыл энерго” ишканасы утуп, анын ар бири 1 миллион 900 миң сомго бааланган.
"Аксы району боюнча жалпы 20 миң 829 абонент бар. Анын 18 миң 670и үй-тиричилигине керектөөчүлөр. Ал эми Ринжит аймагында 2 миң 528, Кызыл-Туу боюнча 4 миңге жакын абонент бар", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















