Чүйдө дайынсыз жоголгон өспүрүм компьютердик клубдан табылды
Чүйдүн Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 23-мартта Ысык-Ата районуна караштуу Рухий Мурас-2 жаңы конушунун тургуну 2008-жылы туулган Э.Э. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп издөөдө жүргөн.
"Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон өспүрүм түнкү саат 03:00дө Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















