Чүйдө балык уулоого кеткен 71 жаштагы жарандын сөөгү табылды
Чүйдүн Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 71 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи Май айылында көлмөгө чөгүп кеткен 1952-жылы туулган Х.В. аттуу жарандын сөөгүн куткаруучулар суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 31-майда Ысык-Ата районунда көлмөгө балык уулоого кетип сууга чөгүп кеткен жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине №27 ӨККБдан 4, Аламүдүн райондук ӨКБдан кошумча 3 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















