Ошто эки аял ажатканага түшүп кетти
ОШ облусунун Кара-Суу районунда эки аял ажатканага түшүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
3-июнь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Маданият айылында эки аял киши ажатканага түшүп кеткендиги боюнча саат 15:20да бирдиктүү 112 кызматына кабарланган.
Кара-Суу районундагы №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу тартылып, саат 15:38де жетип барышкан. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, жабырлануучулар аман-эсен.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















