Таңга маал Кара-Балта суусунан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Бүгүн, 6-июнь күнү таңга маал саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Маалым болгондой, 5-июнь күнү саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында агып өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-жылы туулган А.Э. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
5-июнь күнү жерине Жайыл райондук №22 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 6 суучул тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















