Жалал-Абадда 40 жаштагы киши сүрөткө түшөм деп жатып дарыяга агып кетти
Токтогул районундагы жайлоодо эс алып жүргөн 40 жаштагы жаран дарыяга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. Анда 40 жаштагы Т.К. деген адам сүрөткө түшөм деп жатып таштын үстүнөн тайгаланып, сууга агып кеткен.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштери жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган.
11-июнда кайрадан издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да аталган жарандын сөөгүн табышып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















