Бишкекте кампадан өрт чыкты
Бишкекте Ленин районунундагы кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда саат 06:00 чамасында Садыгалиев көчөсүнүн №4/1 дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 3 күжүрмөн бөлүмү жана саат 07:25те штаб тартылган.
Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана РЭТнан 1 бригада жеринде иштеп жатат.
Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана РЭТнан 1 бригада жеринде иштеп жатат.
Учурда өрт толугу менен чектөөгө алынып, өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















