super.kg logo

“Көз карандысыз жашоо мектеби” 2023: Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн окуу жана өз алдынча аракеттенүү

 

12-июндан 16-июнга чейин Ысык-Көл облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды колдоо максатында “Көз карандысыз жашоо мектеби” аталыштагы тренингдер өткөрүлдү. Долбоор - өлкөбүздүн жети дубанынан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарыбызга өзүн-өзү сыйлоо, өзүнө ишеним артуу, өз укугун билүү, коомчулуктан тартынбоо жаатында уникалдуу билимдерди берүү жана аларга жол көрсөтүп, көмөктөшүү максатында уюштурулду.

Өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан келишкен 18 жаштан 35 жашка чейинки майыптыгы бар жарандарыбызга тренингдерден тышкары бири-бири менен жакындан таанышууга, эс алууга жана ошондой эле алдыга максат коюуга жакшы шарттар түзүлгөнүн катышуучулар өздөрү бир ооздон айтышты.

Иш-чараны "Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS)" коомдук фондунун жана “Равенство” майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурду. Эскерте кетсек, FSDS 2014-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырып келет.






“Көз карандысыз жашоо мектеби” 2023: Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн окуу жана өз алдынча аракеттенүү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: