Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек
Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
"Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги болжолдонууда", - деп айтылат билдирүүдө.
25-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши токтотулду. Натыйжа болбогонуна байланыштуу издөө иштери бүгүн, 26-июнда да улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















