Өлкөдө бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Өлкөдө 24-июндан 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 197;
- мас абалында рулга отуруу - 197;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 55;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 972;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 889;
- автоээнбаштык - 17;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 971;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 906.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 349 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















