Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөдөгү эң мыкты 900 университеттин катарына кирди
Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Quacquarelli Symonds Ltd түзгөн рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка караганда, аталган окуу жай QS World University Rankings 2024 рейтингинде 104 өлкөдө мыкты деп табылган 1 503 жогорку окуу жайдын ичинен эң алдыңкы 900 университеттин (851-орун) катарына кирди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул рейтингдеги туруктуу көрсөткүчтөр анын дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө, илим изилдөөгө жана жаңы инновациялар үчүн жандуу чөйрөнү түзүүгө умтулгандыгынын далили болуп саналат.
Белгилей кетсек, Quacquarelli Symonds Ltd агенттиги эң абройлуу үч глобалдык рейтингдин бири катары эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт. "Манас" университети аталган рейтингде буга чейин да "Дүйнөнүн мыкты 1000 университетинин" катарына кирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















