Караколдо дайынсыз жоголгон эки жана беш жаштагы кыздардын сөөгү табылды
Караколдо изделип жаткан эки кичинекей кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жоголгон кыздардын сөөгү бүгүн саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, кечээ 6-июль күнү Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө иштери тынымсыз жүрүп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















