Кыргызстандык окуучу биология боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңип алды
Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышкан.
"Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Курама команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды.
6 окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















