Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт
Бүгүн, 12-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.Министрликтен билдиришкендей, меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.
"Билим берүү жана илим министрлиги балдарды окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн китепкана имараттарын берет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















