АКШ, Орусия, Түркия... Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу өткөрүлөт
Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 13-июлда Көк бөрү федерациясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Эл аралык мелдеш 13-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Өзбекстан, Венгрия, Түркия, Монголия жана Орусия мамлекеттери, ошондой эле Орусиянын Алтай, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск шаарларынан келген командалар катышат.
Турнир 3 форматта өтөт:
- Кыргызстан менен Казакстандын алдыңкы 4 командасы;
- Дүйнөлүк 12 клуб арасында;
- Кыргызстан менен Казакстандын +45 жаш командалары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















