Селекциядагы жол тосуу: Дагы эки катышуучу Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди
Чүй облусунун Селекция айылындагы митингдин дагы эки катышуучусу Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечимди Чүй облустук соту чыгарды.
Сот жол тосууга шектелип кармалган эки жаранды тең 15-сентябрга чейин абакта калтырды.
Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.
Кечээ, 17-июлда блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаковго карата баш коргоо чарасы катары Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















