Баткенде бир эле күндө экинчи ирет жер титиреди
Баткен облусунда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, Баткенде кечээ, 17-июль күнү кечинде дагы күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















