super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Бахрейн Падышасынын атайын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Бахрейн Падышасынын атайын элчиси, Падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад Аль Халифа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташтыктын, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Бахрейн менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Мындан тышкары ал бүгүн Жидда шаарында Булуң менен Борбор Азия региондорунун ортосунда мамлекет башчылардын деңгээлинде Саммит өткөрүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Алгачкы жолу эки боордош аймактын лидерлери достукту жана кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алмашат.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров жаңы форматтагы бул Саммит Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга жана аймактар аралык карым-катнашты өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деген ишенимин билдирди. Кыргызстан мындан ары эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты, тактап айтканда, айыл чарба, энергетика, туризм, таза экологиялык продукцияны экспорттоо тармактарда бекемдөөгө кызыкдар.

Өз кезегинде Бахрейн Падышасынын атайын элчиси Нассер бин Хамад Аль Халифа Падыша Хамад бин Иса Аль Халифтин жылуу саламын жеткирди.

Нассер бин Хамад Аль Халифа өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал кызматташуунун актуалдуу маселелерин кароо үчүн эки өлкөнүн ортосунда жумушчу топту түзүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча натыйжалуу механизмдерди түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

"Атайын элчи кызматташуу чөйрөсүн изилдөө жана кеңейтүү үчүн финансылык мекемелердин, фонддордун, банктардын жетекчилеринин Кыргызстанга баруусун уюштурууга даяр экендигин баса белгилеп, Садыр Жапаровго өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде Бахрейнге сапар менен барууга өлкө жетекчилигинин чакыруусун тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн практикалык кадамдарды жасоону макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: